Айданек

Artisto: Аскат Мусабеков (Кыргыз тили)
Uzanto: inash azim инаш азим
Daŭro: 130 sekundoj
Komenca paŭzo: 12 sekundoj
Tononoma sistemo: Ne definita
Sakra:
Komentoj pri tabulaturo:
Аскат Мусабеков
"Айданек"
Сөзү : Кожокелди Култегиндики
Обону : Исирадин Аманбаевдики

URL

Alŝutita:
2022-junio-18 15:13
Get it on Google Play

Teksto

Сөзү : Кожокелди Култегиндики
Обону : Исирадин Аманбаевдики

 Em    Am    Bm    Em 
Секин, секин билгизбей,
 Em    Am    Bm    Em 
Сени бойго жеткизген
 Am     Em        Am 
Секет болуп кетким бар,
 Em    Am     Em 
Сезимтал бул мезгилден!

Ат чаап барып эңе алгыс
Акак гүлсүң, Айданек.
Агайыңдын дардинда
Жашап жүрсүң, Айданек.

Мончогуңду моюнуңдан
Санайынчы, Айданек?!
Көлөкөңдү көтөрүп
Алайынчы, Айданек?!

Майда шибер, майин жел
Мамык болот, Айданек.
Бир кашкайсаң – бир кылым
Жарык болот, Айданек.

Кунан минип куушуп биз,
Курдаш болуп өтсөкчү?!
Шыбырарда бир жыттап,
Сырдаш болуп өтсөкчү?!

Улууларга зор таалим –
Уялганың, Айданек.
Улуулуктан тайдырат
Буралганың, Айданек!

Мончогуңду моюнуңдан
Санайынчы, Айданек?!
Көлөкөңдү көтөрүп
Алайынчы, Айданек?!

Майда шибер, майин жел
Мамык болот, Айданек.
Бир кашкайсаң – бир кылым
Жарык болот, Айданек.

Komentoj