Artisto: | Нурлан Насип (Кыргыз тили) |
Uzanto: | inash azim инаш азим |
Daŭro: | 130 sekundoj |
Komenca paŭzo: | 12 sekundoj |
Tononoma sistemo: | Ne definita |
Sakra: | |
Komentoj pri tabulaturo: |
Өмүр – берип сынайсың текст |
Сөзү: Акбар Кубанычбеков
Обону: Нурлан Насип
Am
Бүгүн бар эртесинде жоксуң,
Dm
Ар таңды акыркыдай тоскун.
F
Беш күндүк жалган бул өмүрдө,
E
Коноксуң!
Am
Жаш кезде жанып турган отсуң,
Dm
Жалбарып кармай алган жоксуң,
F
Жарк этип жашоо бизден өтсө
E
Жомоксуң…
Dm Am
Өмүр – берип сынайсың,
E
Am
Өмүр – алып кыйнайсың.
Dm
Жыгылсам карманам
F E
Баштаймын кайрадан,
Am
Күрөшүңө мен чыдаймын.
Зымырап качсаң да
Азап күн тартсам да
Бир сени сүйүп жашаймын…
Кээде кыш, кээде жаркын жайсың,
Бир тарып, бир балкыган байсың,
Тагдырдын татаал тар жолунда
Сынайсың…
Билгенге бакыт толгон ирмем,
Билбеске кирип, чыккан бир дем,
Өмүр бул белек Жаратканым жиберген!